www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында 300дөн ашуун адам белгисиз илдетке кабылганын кабарлаганбыз. Бейтаптардын бири көз жумган. Андхра-Прадеш өкмөтүнүн өкүлү Мутал Раджу Реву оору белгисиз болгонун жана ал адамдан адамга жукпаганын айтты.
Кан анализинин натыйжалары боюнча, мээдеги суюктук жана бейтаптын мээсинин компьютердик томографиясы оорунун себебин аныктоого мүмкүн болгон жок. Бирок Times of India гезити оору хлордуу органикалык кошундулардан жана чиркейлерден арылтуучу заттардан улам болушу мүмкүн деп жазды.
"Азырынча оору бир адамдан экинчи адамга өткөн жок. Оорунун жаш курагы чектелген эмес. Элуру суу түтүгүнө туташпаган аймактардагы адамдар дагы жабыр тартышат. Күн сайын минералдык суу ичкен адамдар дагы ооруп калышат", - деди жергиликтүү бийлик. Белгиленгендей, оорунун белгилери жалпы 340 адамдан, анын ичинде балдардан аныкталган. Алардын ичинен 157си ооруканада болсо, 168си үйүнө чыгарылып, бирөөсү каза болду.
Эске салсак, белгисиз илдет жекшемби күнү Элуру шаарында жана ага жакын аймактарда жайыла баштаган. Бейтаптар баш айлануу, эпилепсия, күтүүсүздөн эс-учун жоготуп, оозунан көбүк чыгып, калчылдап жаткандыгына даттанышты.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg