www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Улан Эгизбаев айткандай “кара башыңды жутуп, карайлап калгыр” АКШ акыркы учурда Кыргызстандын ички саясатына киришип, элдин кыжырын кайнатып баштады. Бүгүн, АКШ тарап Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду даңазалап, аны “Магнитский акты” деген аталыштагы белгилүү "кара тизмеге" киргизди. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

--АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун биздин өлкөдөгү кылмыштуулук туурасында айтылган сөзүнүн ичинде Райымбек Матраимовду дагы кыстырып айткандарын дыкаттык менен сереп салып отуруп, Аскар Шадиев эске түштү.  Эскерте  кетсек, Шадиев мыйзамсыз байыган, коррупция деген беренелер менен жоопко тартылып, соттолгон кылмышкер.  Бүгүнкү күнү ал АКШда күн кечирүүдө. Эмне себептен ошол “коррупционер” деп соттолгон Аскарбек Шадиевге карата Американын Кыргызстандагы элчиси үн катпайт дагы, анан эле кирпик какканча АКШнын каржы министрлиги Райымбек Матраимовдун ысымын дароо “Магнитскийдин” тизмесине киргизе салышкандыгы тууралуу суроо жаралат, - дейт белгилүү юрист Канатбек Азиз.

Ошондой эле Кыргызстандагы үлкөн уурулар, Алмазбек Атамбаев, тарых музейиндеги жыгачтан жасалган аргымактардын ээси Сапар Исаков, Бажынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов, Өмүрбек Бабановдор тууралуу үн же сөз азырынча чыга элек.

А баса, 2017-жылы декабрда АКШ бийлиги Чеченстандын башчысы, Рамзан Кадыровду “Магнитский акты” деген аталыштагы белгилүү "кара тизмеге" киргизген.

Ага жооп катары Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Рамзан Кадыровго каршы киргизилген АКШнын санкциясын "мыйзамсыз" жана "достукка жатпаган кадам" деп каяша айткан.

Ошентип, АКШнын бул кадамы Кыргызстандагы чет өлкө каржылаган басылмаларга майдай жагып, маалымат майданында талкууга түшсө, Бажынын болгону бир орун басары Райымбек Матраимов дүйнөлүк лидерлерлердин катарында тизмеге кирип, талкууга алынууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости