www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор) ушул жылдын 10-декабрынан баштап Азербайжанда өстүрүлгөн помидор менен алманы киргизүүгө тыюу салды.
"Россельхознадзор Азербайжан Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча агенттигине Россия Федерациясына экспорттолгон продукциялар системалуу түрдө Евразия экономикалык биримдигинде мүчө мамлекеттери үчүн карантин объекттери катары аныкталат деп эскерткен", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, 2020-жылдын 22-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин Евразия экономикалык биримдигинде карантинге алынган түштүк америкалык помидор (Tuta absoluta) жана чыгыш зыянкечтери (Grapholita molesta (Busck)) айыл чарба продукцияларынын 17 учуру аныкталды. Федералдык кызмат ошондой эле Армениянын Армавир аймагынан помидор менен калемпирди алып келүүгө чекит койгон.
Ошондой эле, акыркы мезгилде Россельхознадзор коңшу өлкөлөрдөн өнүмдөрдү ташып келүүгө активдүү тыюу салууда. Алсак Өзбекстан Фергана облусунан өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүн, Кашкадарыядан помидор менен калемпирди алып келүүгө тыюу салган.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg