www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунда Индиянын PHDCCI соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган союз билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып Eurasia Today жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Бишкекке Индиянын бизнес тармагындагы 20дан ашык өкүлү келген.  Маалым болгондой, жолугушууда индиялык тарап Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жарыялады. Анын ичинде:

-  медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу жана тажрыйба алмашуу;

-  туризм жана медициналык туризм;

-  медициналык кызматты өнүктүрүү;

-  медициналык эмеректерди, буюмдарды жана онкологиялык оорулуулар үчүн керектүү продуктуларды жеткирүү;

-  боорду алмаштыруу борборун түзүү;

-  дары чөптөрдү жана өсүмдүктөрдү кайра иштетүү;

-  иммунитетти жогорулатуу үчүн суусундуктарды өндүрүү;

-  дары-дармек менен камсыз кылуу;

-  текстиль буюмдарын жеткирүү.

PHDCCI 1905-жылы негизделген жана Индиядагы алдыңкы палаталардын бири болуп саналат. Анын Бахрейнде Перс булуңунун алты өлкөсү үчүн өзүнүн эл аралык кеңсеси бар, анын курамына чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө толугу менен багытталган 130 000 компания кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости