www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Кытайдын чек арасына он миң жоокерин жөнөттү

Индия Кытай менен чек арасын кайтаруу үчүн кошумча 10 миң аскерин жайгаштырды, бул аймакка жайгаштырылган аскерлеринин санын эки эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Индиянын расмий өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өлкөнүн батыш чек арасында кызмат өтөп келген 10 миң жоокерден турган күч азыр Кытай менен талаштуу чек аранын бир бөлүгүн бекемдөө үчүн мобилизацияланды.

Мындан тышкары Индиянын Кытай менен чек арасында жайгашкан тогуз миң жоокерден турган контингент жаңы түзүлгөн согуштук командачылыкка өткөрүлөт. Чек аранын 532 чакырымдык бөлүгүн куралдуу күчтөрдүн эки бөлүмү тең кайтарууда.

Индиянын куралдуу күчтөрүнүн жана өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кырдаал боюнча комментарий беришкен жок.

Маалым болгондой, Индия менен Кытайдын Гималайдагы талаштуу чек ара аймагы бар. 2022-жылы декабрда Индия армиясы менен Кытай армиясынын ортосунда чек ара чатагы катталган.

Белгилей кетсек, буга чейин Индиянын Куралдуу күчтөрү 12-мартта Пакистан менен чектеш батыштагы Ражастан штатында кургактык, аба күчтөрү жана деңиз флотунун катышуусунда масштабдуу комплекстүү аскердик машыгуу өткөрөрү кабарланган.

Последние новости