www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда чагылган уруп 20 адам каза болду

Индиянын Бихар штатында бир сутка ичинде чагылган түшүп, 20 адам каза болду. Бул тууралуу «Daily Mail» басылмасы жазды.

Катуу ысыктан улам чагылгандан каза болгондордун саны көбөйүп, көптөгөн адамдар салкындоо үчүн сыртка чыгып жатканы белгиленет.

Мамлекеттик министр Нитиш Кумар аймактын элин коопсуздук чараларын сактоого үндөдү. Ал ошондой эле кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 400 миң рупий (5 миң доллар) компенсация төлөнөрүн жарыялады.

Басылманын маалыматына караганда, жыл сайын миңдеген индиялыктар чагылгандын курмандыгы болушат. 2019-жылы чагылгандан 3000дей адам каза болгон. 2021-жылы Индиянын Уттар-Прадеш, Мадхья-Прадеш жана Ражастан штаттарында чагылган бир күндө 70 адамдын өмүрүн алган.

Буга чейин Пакистандагы катуу суу ташкынынан 300дөн ашуун адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жабыркаганын кабарлаганбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости