www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия парламентинин мурдагы депутаты Атик Ахмед жана анын бир тууганы Ашраф Ахмед Индия телеканалдарынын биринде түз эфирде өлтүрүлдү. Бул тууралуу The Guardian басылмасы 16-апрелде билдирди.

Окуя мурда адам уурдоо боюнча соттолгон экс-депутат Атик Ахмед агасы менен полициянын коштоосунда жүргөн учурда болгон. Ал журналисттерге кайрылып, камакка алуу учурунда милиция кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн уулунун өлүмү тууралуу айтып берип жаткан.

Бир маалда журналист деп түр көрсөткөн үч адам бир туугандарга тапанча менен аларга 20дан ашык ок чыгарышып, алар ошол жерде каза болушкан. Андан кийин кол салгандар дароо полицияга багынып беришкен.

Алар Ахмеддин бандасын толугу менен жок кылуу үчүн, ошондой эле атак-даңк үчүн өлтүрүүгө барышканын The Guardian билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости