www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда 25 жаштагы санитар казакстандык 50 жаштагы аялга сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн  Tengrinews.kz басылмасы жазды.

Басылмадан кабарлашкандай, Индиянын Гургаон шаарынын райондук прокурору казакстандык аялды зордуктагандан кийин жеке менчик поликлиникада иликтөө жүргүзүүгө буйрук берген.

Раджастхандагы Тижарадан келген Такур Сингх аттуу айыпталуучу акыркы жылы ооруканада санитар болуп иштеген.

Полициянын маалыматы боюнча, бейтап Индияга кызы менен 12-июлда келген. Жекшемби күнү ага операция жасалып, андан кийин калыбына келтирүү бөлмөсүнө которулган. Такур жалаякты алмаштырып жатканда аялга туура эмес аракет жасаганы айтылган 

Бирок, ошол эле күнү айыпталуучу ага бир нече жолу сексуалдык зомбулук көрсөткөн делип, андан кийин аял бул тууралуу кызына айтып, ал өз кезегинде оорукананын жетекчилигине кабарлап, полиция чакырган.

Бейтаптын кызы берген арыздын негизинде ошол эле күнү зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

15-июлда Такур кармалып, камакка алынган.

Комиссардын орун басары Нишант Кумар Ядав бул окуя оорукананын олуттуу кемчилиги экенин айтты.

"Коюлган айыптоолорду эске алуу менен, биз катышкан бардык тараптардын адилеттүү жана калыс каралышын камсыз кылуу жана чындык менен адилеттүүлүк орношу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. "Айыпкер тергөө аяктаганга чейин жумуштан убактылуу четтетилди", - деп айтылат оорукананын билдирүүсүндө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости