www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Мизорам штатындагы Чамфаи аймагында жапайы түнт Жунгли токоюнун ичине жашырылган, көптөргөн белгисиз зор таш фигуралар бар. Жергиликтүү эл аларды Мара статуялары деп аташат. Изилдөөчүлөр болсо бул жайды миф менен чындыктын чөгүп кеткен сыры катары карашат.
Кайдан пайда болгон?
Изилдөөчүлөрдүн бир бөлүгү статуялар Мары уруусунун бир нече кылым мурдагы эмгеги деп божомолдойт. Бирок алардын так жасалган датасы белгисиз. Эч кандай жазуу же тарыхый булак жок. Башка изилдөөчүлөр болсо бул фигуралар андан да байыркы, унутулган цивилизацияга таандык болушу мүмкүн деп эсептешет.

Ошондуктан статуялардын тарыхы чындык менен ачыла элек сырдын ортосунда турат. Отурган абалдагы бул таш гиганттар эчак жоголгон цивлизациянын сырын ичине катып, табышмагы али жандырыла элек.
Бир караганда айкелдерди Египеттеги падышалардын сүрөттөрү менен салыштырып окшоштурууга болот. Айкелдердин айланасында эски символдор жана иероглифке окшош белгилери бар блоктор сакталып калган. Изилдөөчүлөр азырынча алардын маани-маңызын чечмелеше элек.

Учурда эрозия жыл сайын айкелдерди бузуп жатат. Археологдор эгер изилдөө жана консервация жүргүзүлбөсө, Индиядагы адамзаттын эң чоң сырларынын бири болгон сырдуу мурас жоголуп кетиши мүмкүн деп эскертишет.
Легендалар эмне дейт?
Жергиликтүү эл айкелдерди “Кудайлардын шаарынын кире беришин күзөткөн таш коргоочулар” деп түшүндүрүшөт. Айрымдары зулум башкаруучулар каргыштан улам ташка айланып калышканын айтышса, башкалары байыркы падышалардын өз бийлигин түбөлүккө калтырган аракет катары баалашат.
Кээ бир изилдөөчүлөр болсо бул көрүнүштөрдү “эски цивилизациялардын байланышы” гипотезалары менен байланыштырып, Индиядагы статуялар менен Египеттеги фараондордун сүрөттөрү ортосундагы окшоштуктарды адамзаттык маданий жалпы түпкү мурастын тамыры бир экенин белгилешет.

Мара айкелдери – бул археологиялык табылгадан мурун өнүккөн цивилизациялардын бизге жетпей калган мурасын чагылдырат. Учурда илимий изилдөөлөр уланууда. Бирок Мара айкелдери адамзаттын эң чоң сыры катары тарыхта калды.