www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-ноябрда Индонезиянын Ява аралында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 321ге жеткенин Франс Пресс агенттиги өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттигине таянуу менен билдирди.
«Бүгүнкү күндө каза болгондордун саны 321 адамды түздү», - деп айтылат маалыматта.
Учурда 11 адам дайынсыз болууда. Агенттиктин айтымында, жер титирөөдөн 62 миңден ашык үй жабыркап, 73 миңден ашуун адамды башка жайга көчүрүүгө мажбур болгон. Куткаруучулар издөө иштерин дагы да улантууда.
Эскерте кетсек, 21-ноябрда Батыш Явадагы Чианжур шаарында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, каза болгондордун көбү имараттардын урашынан же жер көчкүдөн курман болгон. Бул тилсиз жоо Индонезиядагы 2018-жылдагы жер титирөөдөн жана андан пайда болгон цунамиден кийинки эң көп өлүмгө дуушар болгон кырсык катары катталды. Төрт жыл мурун Сулавеси аралында 4 миңден ашуун адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg