www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Инфокомдун» жетекчиси айлыгы канча сом экенин айтты

«Инфоком» мамлекеттик мекемеси 2021-жылы иштеп тапкан 375 млн сом киреше каякка жумшалганы тууралуу суроо менен жетекчиге депутат Исхак Масалиев кайрылды.

15-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт жана архитектура боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Депутат ошондой эле эмгек акы тууралуу суроо узатты. «Инфоком» мекемесинин директору Рыскулбек Осмоналиев билдирген маалымат боюнча, IT-адистер 80-100 миң сом эмгек акы алышат.

«Баарын кошкондо 70 миң сом эмгек акы алам», - деди Осмоналиев. Ал эми депутат мындай көлөмдө эмгек акы албаганын айтты.

«Мен 30 жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, мындай эмгек акы алган эмесмин. Сиз жаш туруп ушунча эмгек акы алат экенсиз. IT-адистерге ушундай акы бербесек, алар кетип калышат», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости