www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милициянын кайгуул кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу Октябрь райондук милициясына жеткирилип, протоколдор түзүлгөн.

“Ал жарандын жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгону жана “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келген 15 айыптын төлөнбөгөнү аныкталды. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Унаа айып аянтчасына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости