www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясы "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык" деген глава менен толукталды. Бул норма интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат.
Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.
Салык кызматынын Методология башкармалыгынын башчысы, кодексти иштеп чыгуу тобунун мүчөсү Нурлан Умтулов бул эки топко бөлүнөрүн билдирди.
Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (12 пайыздык ставка) төлөйт. Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилди, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот.
Ал эми блогерлер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10 пайыздык ставка менен киреше салыгын төлөйт. "Учурдагы салык мыйзамдары боюнча деле блогерлер салык төлөшү керек. Себеби алар кызмат көрсөтүү үчүн акча алып, пайда таап жатпайбы. Андыктан блогерлер да милдеттүү. Болбосо жеке ишкер катары катталып бирдиктүү салык (4 пайыздык ставка менен — ред.) төлөшү керек", — деди Жумалиев.
Салык кодексинин долбоорунун маалыматтык негиздемесинде учурда электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштерге салык салууну башкаруу мүмкүн эместиги, колдонуудагы мыйзамдарда салыктын ушул түрү каралбаганы белгиленген.
Жаңы Салык кодексинин долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Аны 2022-жылдын 2-январынан тарта колдонууга чыгаруу пландалууда.
Булак: NazarNews.kg