www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери

Казань медициналык университетинин доценти, неврология кафедрасынын жетекчиси Рустем Гайфутдинов жакындап келе жаткан инсульттун алгачкы жана байкала бербеген белгилерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, инсульттун көпчүлүккө белгилүү беттеги симметриянын жоголушу, сүйлөөнүн бузулушу сыяктуу белгилеринен тышкары төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл:

  • кан басымынын 220дан жогорулап кетиши;
  • жаак, тил жана манжалардагы сайгылашуу же эч нерсени сезбей калуу;
  • колдордун жакшы иштебей калышы;
  • көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • баш ооруп, көңүл айнуу.

Белгилей кетсек, инсульт болоруна аз калган кишинин башы айланып, кыймыл-аракети өтө жай болуп калат. Айрым учурда айланадагы нерселер көзгө кош кабат болуп көрүнө баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости