www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери диний экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Инстаграмм социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн М.А., деген колдонуучунун аккаунту аныкталган.
Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 22 жаштагы Өзгөн районунун тургуну М.А аныкталган.
Жогорудагы кылмышка шектүү жаран тергөө кызматынан изин жашырып Ыссык-Көл облусунуна качып кеткен. Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш чараларынын жыйынтыгында ал 2023-жылдын 7-июнунда Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлдү.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg