www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциялык көзү ачык Мишель Нострадамус 2023-жылы дүйнөдөгү бир нече коркунучтуу өзгөрүүлөр тууралуу айткан.
Нострадамустун бир нече кылымдар мурун жазылган ойлору ушул убакка чейин каардуу жана катуу угулат. Анын божомолдорун азыркы окуялардын призмасы аркылуу чечмелөө адамдарга келечекке көз салууга мүмкүндүк берет.
Мишель Нострадамус деген ким?
Мишель де Нострадамус (Нострадамустун чыныгы аты) 1566-жылы Франциянын түштүк-чыгышындагы чакан шаарчада төрөлгөн. Ал 15 жашка чыкканда Авиньон шаарына окуганы барат. Бирок Европаны каптаган эпидемиядан улам ал дарыгер болуп, бейтаптарды бул оорудан айыктырууну чечет. Жаш Нострадам Монпелье медициналык факультетинде 5 жыл окуп, медицина илимдеринин доктору наамын алып чыгат.
Жаш дарыгер өзүн латынча Нострадамус деп атаган. Ал сапарларынын биринде астролог Жюль Скалигер менен жолуккан. Такталбаган маалыматтарга караганда, Скалигер Нострадамустун дүйнө таанымына чоң таасирин тийгизген.
Астролог 62 жаш курагында каза болгон. Бул убакыт ичинде ал Европаны кыдырып, эки ирет үйлөнүп, көп убактысын медициналык практикага арнаган. Нострадамус өзүнүн биринчи астрологиялык альманахын (адабий, көркөм же илимий-популярдуу чыгармалардын үзгүлтүксүз жыйнагы) 52 жашында жазган.
Нострадамустун божомолдорунда Экинчи дүйнөлүк согуш, Хиросимадагы атомдук жардыруу, СПИД эпидемиясы, 2001-жылдагы АКШдагы террордук чабуул, 2019-жылы Нотр-Дам чиркөөсүнүн өрттөнүшү жазылган.
Ошондой эле көзү ачык Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II`нин каза боло турган убактысын жана күнүн так көрсөткөн. Аларды жазуучу Марио Ридинг “Нострадамус: Полные пророчества о будущем” китебинде чечмелеп берген.
Нострадамустун альманахтары дээрлик эки кылым алдыга, тактап айтканда, 3797-жылга чейинки окуяларды камтыйт. Көзү ачык 2023-жылга карата эмнени алдын ала айтканын астрологдор чечмелешкен.
2023-жылы адамзаттын эсинде аномалдуу коомдук-саясий жана климаттык катаклизмдер менен калат.
Космостон келе турган коркунучтар
Көзү ачык космостук факторлордун жерге тийгизген таасири жөнүндө эскерткен. Ал жазууларында астероид же метеориттин кулашы жердин тең салмактуулугун бузуп, анын натыйжасында жердин орбитасы өзгөрөрүн айткан.
Нострадамустун божомолу боюнча, 2023-жылы дүйнө бир катар табигый кырсыктарга дуушар болот: океанда цунами жана жер титирөөгө алып келген силкинүүлөр болот. Дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлөт. Нострадамустун чечмеленген божомолунда “Англия жана Американын түштүк жээгин океан суулары каптайт” деп айтылат. Көптөгөн өлкөлөрдө ичүүчү суу жок болуп, тамак-аш тартыштыгы пайда болот.
2023-жылы кайсыл жерлерде согуш оту жанат?
Француз астрологу 2023-жылы ири аскердик кагылышуулар болорун айткан.
Ислам мамлекеттери жаңы мамлекеттерди басып алууга аракет кылышат. Нострадамустун божомолдору исламчылар чоң аймактарды өзүм билемдик менен ээлеп аларын көрсөтүп турат. Ислам дүйнөсүнүн таасири өзгөчө 2023-жылы активдүү болот. Түркия мусулман дүйнөсүнүн кызыкчылыгын бузуп, араб-түрк жаңжалынын чыгуу коркунучу чоң. Түркиянын жээктеринде исламчылар менен христиандар ортосунда кагылышуу белгилери бар. Божомолдордун биринде, бул куралдуу окуяларда “Уу”, тагыраагы, химиялык же бактериологиялык курал колдонулат.
Европаны жети айга созула турган аскердик тирешүү каптайт. Божомолдо “Улуу шаардын айланасында аскерлер турат” деп айтылат. Көп адамдар өлүп, натыйжада жаңы дүйнөлүк тартип пайда болот.
АКШда саясий туруксуздук, жакырчылык жана башкаруу режимге болгон нааразычылык жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Нострадамустун божомолдорунда АКШнын президенти “сырдуу ооруга” чалдыгып, Джо Байдендин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири автокырсыктан каза болоору жазылган.
Дүйнөлүк ачарчылык жана жер которуу
Бир катар аскердик кагылышуулар, экономикалык башаламандык, оор кризис калктын олуттуу миграциясына алып келет. Адамдар үйлөрүн таштап, тынч, бейпил жерлерди издеп кетишет. Бирок бул дүйнөдө тамак-аш жана ичүүчү суунун тартыштыгын гана күчөтөт.
2023-жылдагы экономикалык кризис
Нострадамус акчанын куну түшөөрүн түздөн-түз көрсөткөн. Көзү ачык 2023-жылы адамдар мындан ары эч нерсеге жарабай турган банкноталар менен от жага турганын жазган. Массалык башаламандыктар башталат.
Дүйнө накталай төлөмдөрдөн баш тартып, толугу менен онлайн төлөмгө өтөт.
Нострадамустун 2023-жылга карата Россия Федерациясы үчүн божомолдору
2023-жыл “башчы үчүн чакырык” болот. Нострадамус Россия Федерациясы менен бир катар чыгыш мамлекеттерин камтый турган союз тууралуу жазган. Көзү ачык өлкө лидери бардык орустар үчүн чечүүчү боло турган оор тандоо жасоого туура келерин дагы кошумчалаган. Мамлекет Нострадамус алдын ала айткан сыноолорго туруштук берип, өнүгө баштайт.
Дүйнөдөгү табигый кырсыктар Россия Федерациясынын түндүк бөлүгү көптөгөн элдер үчүн “убадаланган жер” болуп калышына алып келет. Нострадамустун чечмеленген божомолунда 2023-жылы өлкөнүн аймагы кеңейет. Элдин турмушу жакшырып, жумушсуздук азаят. Нострадамус Россиядан адамзаттын кайра жаралышынын булагын көргөн.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.