www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуучу баштыкка салып мектепке алып келген күчүк эл сүймөнчүлүгүнө айланып, ага атайын туристтер да келе баштады.

«Күчүгүбүзгө бир нече миң доллар сунуштап, сатып алууну каалагандар да болууда. Бирок, биз, балам убада бергендей, досуна белекке бердик. Анткени менен, күчүктү издеп, көрөрмандар, итке жакын адамдар, ар кайсы улуттун өкүлдөрү, туристтер келип жатышат. Кыскача айтканда, күчүктүн бактысы ачылды», - деп «NazarNews» маалыматтык агенттигине баланын апасы билдирди.



Эскерте кетсек, социалдык тармактарда окуучу мектепке күчүгүн алып келгендиги үчүн тил укканы чуу жараткан. Ага Билим берүү жана илим министрлиги аралашып, мугалим элден кечирим сураган. Андан соң, окуучуга уюлдук телефон менен шайтан араба белекке беришкен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости