www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Ак-Сай айылындагы мектеп басып алынганы тууралуу видео тарады. УКМКнын чек ара кызматы маалымат текшерилип жатканын билдирди.

Бөлүм ал аймакта айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын, ошондуктан мектеп басып алынганы тууралуу маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албай турганын белгиледи. «Маалымат жеткиликтүү болгондон кийин сизге кабарлайбыз. Азырынча Достук айылындагы мектеп басып алынганы тууралуу маалымат бар», - деп билдиришти министрликтен.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, таңкы саат 6:00 чамасында тажик тарап чек ара отряддарын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Кийинчерээк тажик тарап Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларын жана чек ара айылдарын минометтон аткылаган. Кагылышууда 42 адам жаракат алды. Баткен жана Лейлек районунун жети айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости