www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет өлкөдө жашырынып жүргөн кылмышкерлер кармалып, экстрадицияланышы күтүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркияда, Италияда жана Арменияда Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары кармалды.
25-июлда адам өлтүрүү үчүн изделип жаткан 1990-жылы туулган А.Ш. Түркия Республикасынын аймагында кармалган.
Ал 2014-жылдын февраль айында “Ош-Бишкек” унаа жолунда А.Ш. шериктери менен бирге М. У. аттуу жаранга карата ок аткан. Анын кесепетинен М.У. каза болгон. Кылмыш болгондон кийин жогоруда кармалган жаран 11 жыл боюу чет өлкөдө жашынып жүргөн. Эл аралык тыгыз кызматташтыктын аркасында анын жайгашкан жери аныкталып, камакка алынды.
Буга чейин, ушул жылдын 26-майында Италиянын Нуоро провинциясында оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран 1985-жылы туулган А.К. кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2017-жылдын 23-апрелинде Токмок шаарында ал шериктери менен бирге жарандан материалдык баалуулуктарын опузалап, жабырлануучунун денесине залал келтирген.
Ошондой эле, Армениянын аймагында эл аралык кызматташуунун алкагында Ереван шаарында жаран 2005-жылы туулган Ш.И. кармалган. Ал синтетикалык психотроптук заттарды сатууну уюштурган деген айып менен эл аралык издөөдө жүргөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Каракол шаарынын аймагында баңгизаттарды таратуу үчүн Telegram-канал түзүп, ошондой эле шаардын көчөлөрүнө үгүт жазуулары камтылган жарнактарды жайгаштырган.
Кармалгандардын баары тиешелүү өлкөлөрдүн тергөө абактарына киргизилген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аталган адамдарды Кыргызстандын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо жол-жоболору демилгеленген.
.