www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда гимндин жаңы редакциясына музыка жаратуу боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Буга чейин гимндин текстин жана музыкасын жаңылоого арналган ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отуруму өткөн. Анда 16-июндан 17-июлга чейин келип түшкөн 132 сунуштун арасынан беш текст тандалып алынганы белгилүү болгон.
Ведомстводон маалымдашкандай, эми сынактын бул этабында ушул беш текстке ылайык, композиторлор, музыканттар жана ырчылар өз музыкалык варианттарын сунушташы керек.
Сынак 8-сентябрга чейин уланат.
Сунуштар Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 8 дареги боюнча Маданият министрлигине жөнөтүлүшү керек.
Комиссия мыкты деп табылган үч музыкалык-тексттик вариантты Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.