www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызалтынга” тиешелүү “Макмалалтын” деген ишкана бар. "Макмал Голд Компани" ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Алмаз Туманов "Макмал" алтын комбинатын кайрадан ишке киргизүү үчүн инвесторлордон мурунку бийликтегилерге берем деп 300 миң доллар алып, өзү 14 пайыз “доляга” турган.Бул 300 мин долларды эч кимге бербей капчыгына урган, эми “Кыргызалтынды” талашканы турат. "Макмал" алтын комбинатында алтын түгөнүп мурун иштетилгендерди кайра иштетип жатышат.

 “Макмал Голд Компани" ЖЧКсынын программасына ылайык, алтын комбинатындагы иштетилген топуракты жана калдыктарды сактоочу жайды текшерип чыгышкан. "Макмал" алтын комбинатындагы 8 миллион тонна иштетилген топурак калдыктарынын 4 миллион тоннасына чалгындоо жүргүзгөн. Натыйжада ал жакта 3 тонна алтын запасы бар экени аныкталды. Андан сырткары, комбинаттын калдыктарды сактоочу жайын да 2 миң метрдей бургулап, ал жерден да алтын бар экенин аныктадык. Бүгүнкү күндө Орусия жана Кытайдын калдыктарды сактоочу жайларды иштетүүчү компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Ортодо “шапке” деген балакетине Туманов 300 миң сом алганы чагылгандай тарады.

«Кыргызалтын» ААКсынын төрагасы Алмаз Алимбеков кызматтан кетти. Белгилей кетсек, анын ордуна «Кыргызалтындын» башчысы болуп Элмырза Укубаев дайындалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости