www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан учурда чет мамлекеттерге 500 млн долларлык товарды сатууга мүмкүнчүлүгү бар. Инвесторлор келсе эле мага эмне бересиң дешип, ар бир мөөр үчүн «шапкесине» акча сурагандар аларды качырууга аргасыз кылышчу. Мисалы, Түштүк Кореядан Токмокко автомобиль заводун куруш үчүн  инвесторлор келишкен. Биздин «чиништер» өз пайдасын көздөп, алардан олчойгон сумма «шапке» сурап, булар Өзбекстанга өтүп кетишкен. Учурда Өзбекстанда автомобиль чыгарган завод курушуп, алар экономикасы күчтүү мамлекетке айланышкан. Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган иш сапарында Өзбекстандын кээ бир экономикалык жактан ат салдырбай кеткен жерин көрүп, кыргыздын мурунку жетекчилерине баш чайкаганы бар. Өзбекстанда мамлекет бай, бирок эли бизден да өтө жакырчылыкта жашашат.

СКС  программасынын алкагында бюджетке киреше алып келүүчү ири долбоорлор, ГЭСтер жана тоо-кен металлургия комбинаттар, заводдордун курулушу каралган. Ошондой эле социалдык турак-жай куруу жана шаарлардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алган долбоорлор бар.  Аларды ишке ашырыш үчүн төмөнкү пайыз менен ири инвестицияларды өлкөгө тартып келүү керек.  Дүйнө жүзүндө абдан көп акча бар, бирок Кыргызстанга ал акчаны эч ким салгысы келбейт. Анткени Кыргызстанда кооптуу жагдайлар түзүлгөн. Инвесторлор келгенде мага эмне бересиң деп «шапке» сурагандар жүдөтүп, инвесторлор качууга аргасыз болот.

Кыргызстан дүйнөлүк элүүлүктү койолу, дүйнөлүк жүздүккө кирген уставдык капиталы менен толук бекитилген Кыргызстандын бир дагы кадыр-барктуу банкы жок экени белгилүү. Инвесторлор уставдык капиталдары туруктуу, акчалары жаратылыш байлыктары менен бекитилген банк аркылуу гана зор долбоорлорду колдоого алышат.

Алгач Кыргызстанга инвестиция тартып келе алган ишенимдүү мамлекеттик банк түптөлөт. Анын акциясынын 100 пайызы мамлекетке гана таандык болуп, ири уставдык капиталга ээ болот. Анын капиталына иштеп жаткан жана салына турган отуздан ашык минерал жана кендерди камтыган обьектилер, кен байлыктар, Ош жана Бишкек аэропорттору СКС долбоорунун алкагында салына турган ишканалар кирмекчи. Ошондо жалпы жонунан СКС банкынын уставдык капиталы 400 000 000 000 доллардан ашык болот. Мына ошондо жакынкы жана алыскы мамлекеттер, эл аралык финансылык институттар Кыргызстанга инвестиция салууга багыт алат.

Миллионерлер ишенимдүү банктарга жылдык  0,75 тен - 1, 5 пайызга чейин акчаларын депозитке салышат. Азиялык банктар жылына 1,5 пайыздан 2 пайызка чейин беришет. Өз кезегинде мамлекеттик банк ал акча менен улуттук долбоорлорду жылына 2-3 пайызка чейин кредиттерди берет. Мамлекеттик банк бере турган кредиттин суммасы 25 миллиард АКШ доллары. 25 млрд доллар биринчи кезекте экономиканы өстүрө турган ишканаларды курууга жумшалат. Анткени Кыргызстан тоо-кен байлыктарына бай. Арасында химиялык бардык элементтер бар. 28 улуттук долбоордон турган СКС экономикалык долбоорлору ишке ашса Кыргызстан экономикалык жактан алдыга кетмек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости