www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights — IPHR) кыргыз бийлигин эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырды.
“Канышай Мамыркуловага каршы репрессиялык иш Кыргызстандын Конституциясы жана Кыргызстан ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт менен кепилденген сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин бузат”, — деп айтылат кайрылууда.
Эске салсак, Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармалып, эки айга камакка алынган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып коюлган.