www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик ипотекалык турак-жай алуу үчүн 32 миңден ашык үй-бүлө кезекте турат. Бул тууралуу «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Депутаттар Кыргызстандын жарандары үчүн «Менин үйүм» жаңы турак-жай программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат менен таанышты.

Нурадил Баясов өз баяндамасында Мамлекеттик инвестициялык компаниянын уставдык капиталы 26,2 млрд сомду түзөрүн белгиледи. 2015-жылдан бери башкармалык тарабынан 9 миң 612 батир берилген. Тактап айтканда, “Арзан турак-жай – 2015-2020” программасынын алкагында жарандар 5 миң 430 насыя, “Менин үйүм – 2021-2026” программасынын алкагында 4 миң 191 турак жай алышкан. Батирлер 25 жылга 4-8 пайыз менен берилет.

18-сентябрга карата 32 миң 393 жаран ипотекалык үй алуу үчүн кезекте турат.

Последние новости