www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстанда соңку кездери аялдарды катуу көзөмөлдөө жана бир катар тыюуларды салуу эл аралык уюмдардын көңүлүн бурду.
Үй-бүлөнү пландоо боюнча эл аралык федерация (IPPF) түркмөн өкмөтү аялдарга карата киргизген тыюулар боюнча баяндама жасап, эл аралык коомчулукту аялдардын укугун чектөөгө каршы турууга чакырды.
"Түркмөндөр жаңы шайланган президент Сердар Бердымухамедов прогрессивдүү жолду тандайт деп күтүшкөн, бирок катуу жаңылып калышты. 2022-жылдын апрель айынан тартып өкмөт аялдардын турпатына карата киргизилген көзөмөлдү жаңы деңгээлге чыгарды: абортко тыюу салды, бир катар косметикалык кызматтарга бөгөт койду, аялдардын жеке автоунаалардын алдыңкы орундарына отурушуна чектөө киргизди", - деп айтылат маалыматта.
Аталган уюм аборт жасатууга уруксат берилбеген өлкөлөрдө мыйзамсыз клиникалар пайда болорун, бул аялдардын саламаттыгына зыян алып келерин эскертти.
Үй-бүлөнү пландоо боюнча эл аралык федерация “репродуктивдүү мазактоо -- аялдар сегиз балалуу болушу керек деген пропаганда менен коштолуп жатканын” белгиледи.
Баяндамада жакында жүргүзүлгөн иликтөөдө аялдардын 50% бойго бүтүрбөй турган каражаттарды ала албай турганы, 60% ден соолук, контрацепция жана интимдик катнашка макул болуу сыяктуу маселелерде өз алдынча чечим кабыл алууга кудуреттүү эместиги аныкталганы айтылат.
IPPF Түркмөнстанда аялдар экинчи сорттогу жарандар катары караларын белгилеген.
ЮНИСЕФ жана TürkmenStat (MICS) жарыялаган маалыматта, Түркмөнстанда кыз-келиндердин сексуалдык зомбулукка туш болуп жатканы, никеге ыктыярсыз турары, 15-49 жаш аралыгындагы аялдардын 59% күйөөлөрү урары айтылган.
IPPF Европа Биримдигин Түркмөнстандагы аялдар маселесине көңүл бурууга үндөйт.
Уюм Түркмөнстанда азыркыга чейин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам жок экенин белилейт.
Булак: NazarNews.kg