www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иракта абал курчуп кетти

Ирактагы каршылык акциясында каза болгондордун саны 65 ке жетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Эске салсак, Иракта бир нече күндөн бери өкмөткө каршы акциялар өтүп жатат. Өлкө борбору Багдадда жана бир нече провинцияларда комендаттык саат киргизилген. Кээ бир чек ара өткөрүү пунктары жабылган. Каршылык акциялары шейшемби күнү Багдадда башталып, шаршемби күнү борбор шаардан сырткары дагы бир нече провинцияга жайылган. Көчөгө чыккандар өкмөттүн кетишин талап кылып жатышат. Ошондой эле, алар, жашоо шартын жакшыртууну, билим берүү жана маламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнү, коррупция менен күрөшүүнү талап кылышууда.

Ирактагы шииттердин лидери, "Саирун" парламенттик блогунун башчысы Муктада ас-Садр өкмөттү отставкага кетүүгө жана мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости