www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадан байлар акчасын аябаса абал оңолот. Алсак, Баткендеги чек аранын чыры барган сайын күчөп баратат. Жоокерлер, жергиликтүү жарандардын өмүрү жалп деп өчүп жатат омуртканы сыздатып. Бирок, андан натыйжа чыккан жок. Азыркы күндө жарадар болгон он жаран Бишкектин ооруканаларында дарылануу менен алек. Эртең эле бейпилчилик орноп кетет деп айтканга ооз деле барбай калды. Кыскасы чек ара маселесин кантип чечсе болот деген суроону бергенибиз менен эч кандай ишенимдүү жоопту алалбай алаңдап турган кезибиз. Мекендештерибиздин көйгөйүн басаңдатуу максатында борбордо чогулган мекенчилдер ийри отуруп, маселени түз чечүүгө аракет кылышты. Бул кагазга ширелген сунуштар дагын каткан бойдон калбаса экен деп тиленип турабыз. Анткени мамлекеттер ортосунда токулган келишимдер деле таасирин бербей жатпайбы.

Ошентсе да бир ой келди мээбизди көзөгөн. Маселен, ошол аймактан чиригендей байлыкты жыйнаган Аскарбек Шадиевдин калтырган кыймылсыз мүлктөрүн аукционго коюп, түшкөн каражатты эмне үчүн чек араны бекемдөөгө, анда кызмат өтөгөн жоокерлердин, аскер кызматкерлеринин жашоосуна чегерсе болбойт. Керек болсо тажиктерге сатылып кеткен үйлөрдү кайра сатып алууну колго алсак бирөө тоскоолдук кылабы? Негизи андан башка байлардын деле акчасын чогултуп туруп чек арага керектесе эч ким каршылык көрсөтмөк эмес. Ошол эле Икрамжан Илмияновго караштуу байлыктарды кызганбай, көмүскөдө кармабай, шылуундарга жедирбей пайдалансак болот го? Алардын “адал” жол менен чогулткан байлыктарын ортого салсак бечел өкмөттүн деле жүзү агармак. Арам тамактардан түшкөн каражатты чындап чек арага жумшасак майнаптуу иш жасаган болорубуз аштан бышык. Бир эле А. Шадиевдин акчасынын эсебинен бүткүл чек арадагы кымгууттарды жолго салсак болот.

Ооба, өкмөт үн каттың дегиче каражат жок деген ыңгайсыз жообун айткандан жадабайт. Жок дегенде берген сунушту көңүлгө түйүп койсо баш оорудан айыкса болорун түк түшүнгүсү келбейт. Эми дагы эскертели-чек араны чечүүнүн жолун табууга болот. Мен деп мактанган байлардан взнос чогултууга себеп бар. Той-ашка бергенден көрө ошол байбачалар чек арага көмөгүн көрсөтсүн. Анткени чек араны чечпесек балээден кутулбайбыз. Ошондуктан атайын эсеп ачып олигархтардан, көпөстөрдөн, депутат болом дегендерден акча чогултууга жагдайды табууга неге болбосун? Кайсыл бай мындай демилгеден сыртта калгысы келмек эле? Ажобуз кичине ишаарат кылып коер замат байлардан акча шыкылдап түшө баштаарын деле сезип турабыз. Шайлоого эмес, чек арага мамилени өзгөртүүгө сааты чыкты. Бул саамалыктан ал тургай пенсиядагылар да четте калбайт. Ал эми мекенчил жарандар тикен зым алууга, тамак-ашын берүүгө, курулушка зарыл нерселерди чыгарууга, жаштар ишти жүргүзүүгө жардам кылууга жан дили менен макулдугун берет. Бириксек колдон келбеген иш жок чынында. Ушул маселени алсыз өкмөт ийге келтире албай жатканы өкүнүчтүү.

Чыр чыккан сайын барган чиновниктер деги качан, кайсыл маселени талаптагыдай чечип келгенин эстей албай жатабыз. Ийин куушурбай, башты жерге салбай, өзгөлөр менен тең ата сүйлөшпөсөк кантип чек аранын көйгөйүн ордуна келтиребиз? Балта, чотуң колуңда болбогон соң сени эч ким тоотпойт. Акыркы ирет тажиктер биздин чек араны оор куралдар менен аткылап, социалдык имараттарга, турак-жайларга, жолдорго залал келтиргени кайсыл эрежеге сыят? Ошондуктан батыл кыймыл-аракеттерди жасоого, элдин талабын аткарууга, туура сунушту жаземдебей кабыл алууга мезгил келди. Жалпылап киришпесек чек ара маселеси кыйындап кетип баратат. Ар бирибиз буга салымыбызды кошууга милдеттүүбүз!

Жора Сулайманов, "Ачык сөз" гезитинин башкы редактору

Булак: NazarNews.kg

Последние новости