www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйындар залына толгон маймылдар мыйзамды талкуулап жатышат. Залдын жоон ортосунан орун алган маймылдардын спикери, ал турсун спикердин жанында “папке” кучактаган вицеси дагы бар. Бир четтеги маймылдар кызуу талкуу кылып жатышат.

Бул “Бэнкс” лакап аты менен таанылган, өз аты белгисиз, англиялык көчө сүрөтчүсүнүн 2009-жылы жазылган кыл калемине таандык “Тайгаланган парламент” (Скатившийся парламент) аттуу эмгеги. 4 х 2.5 метрлик полотного тартылган бул сүрөт рекорддук баага сатылганын Sotheby's аукциондук үйү маалымдаган.

Тагыраагы, 13 минутага созулган соодалашуудан кийин, сүрөттүн баштапкы баасы беш эсе көтөрүлүп, 9,9 миллион фунт стерлингге, башкача айтканда12,2 миллион долларга сатылган.

Анткен менен, сатып алуучунун дагы аты, картинанын жаратуучусу сыяктуу эле аталбайт. Ал эми айрым маалымат булактары жазгандарга караганда, сүрөтчү Бэнкс, “Өкүнүчтүү, эми ал мага таандык эмес” деп сүрөтүнө ичи ооруп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости