www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартты

Иран АКШ менен сүйлөшүүнүн экинчи айлампасын жүргүзүүдөн баш тартты. Бул маалымат IRNA агенттигинин социалдык тармактагы баракчасына чыкты.

"Иран Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөрдү улантуудан баш тартты. Буга Вашингтондун ашкере талаптары, ишке ашпаган максаттары жана Ормуз кысыгындагы курчоо-чектөөнү токтотпой жатканы себеп болгон. Тегеран блокаданы атышууну токтотуу келишимин бузуу катары кабыл алды", - деп маалымат агенттиги жазды.

АКШ президенти Дональд Трамп жекшемби күнү америкалык делегация 20-апрелге белгиленген сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Пакистандын борборуна жөнөп кеткенин айтты. Ал кепке келип калабыз деп үмүт артып жатканын белгилегени менен, ошол эле учурда Иранды "тынчтык келишимин бузуп жатат" деп айыптады. Трамп эгер Тегеран келишимден баш тартса, өлкөдөгү бардык электр станциялары менен көпүрөлөрдү талкалап таштайм деп коркутууда.

Последние новости