www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран АКШ менен келишим түзүлгөндөн кийин чет өлкөлөрдө тоңдурулган активдеринин жарымын дароо кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Казым Гарибабади «Мехр» агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, Иран өзүнүн активдерине карата киргизилген санкциялардын жоюлушун талап кылууда.

«Ирандын эң аз дегендеги талабы — өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин бул каражаттардын 50 пайызы дароо Иранга которулушу керек», — деген ал.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ошондой эле Иран менен АКШнын ортосундагы акыркы келишимдин үстүндө иш уланып жатканын белгиледи.

Анын сөзүнө караганда, расмий Тегеран жыйынтыкка толук канааттанганда гана келишимдин тексти бекитилет.

Последние новости