www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран армиясынын өкүлү Амир Акримания америкалыктарга ишенип болбой тургандыктан өлкөнүн Куралдуу күчтөрү баарына даяр турганын билдирди. Бул тууралуу ал SNN телеканалынын эфиринен айтканын РИА Новости жазды.

"Америкалыктар, өзгөчө Трамп ишеничтен кеткенин далилдешти. Биз бел чече элекпиз", - деген аскер адамы.

Акриманиянын айтымында, АКШ сөзүнө тура албастыгын, айрыкча Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында да туруксуз экенин көрсөткөн.

Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 8-апрелге караган түнү Иран менен эки жумага чейин атышууну токтотуу келишилгенин жар салган. Кийинчерээк Иран ТИМинин башчысы Аббас Аракчи дүйнөлүк мунай менен суюлтулган жаратылыш газынын 20 пайызы өткөн Ормуз кысыгы ачыларын убадалаган.

Последние новости