www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы объектилерине жооп иретинде сокку урду. Бул тууралуу 21-июлда Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы IRIB өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Маалыматка ылайык, сокку Кувейттеги АКШнын Кэмп-Арифжан аскердик базасына багытталган.
Билдирүүдө мындай деп айтылат:
«АКШнын өлкөбүздүн ар кайсы аймактарына жасаган чабуулдарына жооп катары Ирандын кургактагы аскерлери Кувейттеги АКШнын Кэмп-Арифжан аскердик базасында жайгашкан HIMARS системаларына “жер–жер” тибиндеги ракеталар менен сокку урду».
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 21-июлга караган түнү Ирандагы буталарга каршы жаңы соккулар сериясын баштаганын билдирди. Маалыматка ылайык, операциянын максаты — Ирандын Ормуз кысыгындагы кемелерге чабуул жасоодо колдонулган аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратуу.
Буга чейин ошол эле күнү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Иорданиянын түштүгүндөгү Акаба аэропортунда жайгашкан америкалык аскердик учактарга баллистикалык ракеталар менен сокку урган. Ошондой эле Ирандын аскерлери өлкөнүн батыш аймактарында душмандын MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учагын атып түшүргөнү кабарланган.