www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын бийлиги "Эркин Европа Азаттык" радиосунун иран кызматынын ("Фарда" радиосу) каза болгон журналисти Реза Хагигатнеджаданын сөөгүн жашыруун жерге берди. Бул тууралуу анын жакындарына Ислам революциясынын сакчылар корпусу билдирген.

Сакчылар корпусу журналисттин атасына уулунүн мүрзөсү делген жер тартылган сүрөттү беришкен. Бирок ал кайсыл аймакта жайгашканын айтышкан эмес.

Өткөн жумада Берлинден алып келинген Хагигатнеджаданын сөөгүн өлкө түштүгүндөгү Шираза аэропортунда уурдап кетишкени кабарланган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу – Иранда олуттуу саясий күчкө ээ аскерлештирилген түзүм. АКШ аны террордук топтордун тизмесине киргизген.

Саясий баяндамачы Реза Хагигатнеджад "Фарда" радиосунда 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал 17-октябрь күнү Берлиндеги "Шарите" ооруканасында рак оорусунан улам каза болгон. Маркумдун жакындары Резанын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Шираз шаарында жерге берүү үчүн Иран бийлигинен тиешелүү уруксат алганын айтышкан.

"Эркин Европа Азаттык" медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай иран бийлигинин бул аракетин "маскара жана жийиркеничтүү" деп атады. 28-октябрда АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Нед Прайс Тегеранды журналисттин сөөгүн жакындарына кайтарып берүүгө үндөгөн. Ал сөөктүн уурдалышы Иран бийлиги "журналисттерден өлгөндөн кийин да коркорун" көрсөтүп турганын белгилеген.

Иранда хижабды "туура эмес" кийгени үчүн адеп-ахлак полициясы кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акциялар дээрлик эки айдан бери уланууда. Митинг катышуучулары студент кыздын өлүмүнө полицияны айыптап жатышат. Толкундоолор учурунда бийлик акция катышуучуларына күч колдонуп, 200дөн ашык киши каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости