www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Жакынкы Чыгыштагы союздаштарын коргоо үчүн жаңжалга кошулушу мүмкүн экенин билдирген европалык лидерлерге жооп кайтарды. Тегеран Лондон, Берлин же Париж тараптан жасалган кандай гана болбосун соккуну согуш актысы катары кабыл аларын жана тиешелүү жооп кайтарарын билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи маалымат жыйынында эгер Европа өлкөлөрү АКШ жана Израилдин Иранга каршы операциясына кошулса, бул согуш жарыялоо менен барабар болорун айтты. Анын сөзүнө караганда, Иранга каршы ар кандай аракет агрессорлорго көмөктөшүү катары бааланып, түздөн-түз согуш актысы деп эсептелет.

Буга чейин Улуу Британия, Франция жана Германия лидерлери Иран Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына сокку урууну улантса, куралдуу күчтөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн эскертишкен. Франциянын президенти Эмманюэль Макрон, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Иранды чабуулдарды токтотууга чакырып, “өз кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн чара көрөбүз” деп билдиришкен.

Тегеран Кипр аймагындагы Британиянын аскердик объектилерине да сокку урган. Кипр бийлиги британдык «Акротири» аба базасын көздөй багытталган эки дрон абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Бул тууралуу мурда Reuters агенттиги да жазган. Улуу Британиянын коргоо министри Джон Хили Иран Жер Ортолук деңизиндеги арал тарапка эки ракета учурганын билдирген.

АКШ менен Израил Иран аймагына биргелешкен чабуул баштагандан кийин, Тегеран жооп иретинде ондогон соккуларды АКШнын объектилерине жасады. Алардын айрымдары Вашингтондун союздаштары жайгашкан Сауд Арабиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар аймактарында орун алган.

Коопсуздук коркунучуна байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирак, Бахрейн жана Иордания өлкөлөрүндөгү элчиликтерден айрым дипломаттарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эвакуациялай баштаганы маалым болду.

Последние новости