www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Ислам Республикасы Кыргызстандагы күйүүчү жана майлоочу майлардын тартыштыгы менен баанын кымбатташын жөнгө салууга кызыкдар. Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрази 8-февралда өткөргөн маалымат жыйынында «Eurasia Today» агенттигинин журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Мунай жана газ кору боюнча Иран дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ооба, акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрү жана анын ичинде Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майлардын таңкыстыгы менен баанын кымбатташын баштан өткөрүп жатат. Бул багытта биз Кыргызстанды чийки мунайзат менен камсыз кыла алабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эки мунайды кайра иштетүүчү завод бар экен жана алар сырьёнун жоктугунан токтоп турат. Иран бул эки заводду сырьё менен камсыз кылууга даяр. Бүгүнкү күндө бул багытта эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө -, деди дипломат.
Иран элчисинин айтуусунда, Ирандан Кыргызстанга мунай продукцияларын эки жол менен: деңиз жана кургак жол аркылуу алыпкелсе болот.
Кыргызстан бензин менен күйүүчү жана майлоочу майларды негизинен Орусиядан алып келгендиктен, дүйнөлүк энергетикалык кризис шылтоосу менен баа улам көтөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында бензиндин өтө көп керектелген AI-92 маркасынын бир литри 69 сом 90 тыйындан сатылууда. Ал эми аймактарда баа андан да жогору.
Иран дүйнөдө газдын кору боюнча экинчи жана мунайдын кору боюнча үчүнчү орунду ээлейт.
Булак: NazarNews.kg