www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан менен Кытай ортосунда чоң долбоорлорго жол ачылды», - деди бүгүн, 8-февралда, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест-мырза, президент кытайдан олжолуу келсин, көйгөй жараткан маселелер чечсин дегендин ордуна «президент жеке учак менен кетти» деп корогон каражаттарды сындагандар болду. Ал турсун «мусулмандарды геноцит кылган мамлекетке барды» дешти. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пекиндеги кышкы олимпиадага барганы орундуу эле болду. Биринчиден, Кытай биздин жакын кошунабыз. Экинчиден, ортобузда талаштуу көйгөй жок. Үчүнчүдөн «өзүң басып барба, чакырган жерден калба» деп айтылат кыргызда.

Мамлекеттин башчысы тышкы сапарларга жакшы самолёт менен учуш керек, тилекке каршы мурдагы президенттердин убагында өлкө таланып, тонолгону үчүн бир жакшы самолёт алып албаптырбыз. Намыс деген болуш керек да! Буюрса, бул маселе жакында чечилет деп ойлойм.

Кытай уйгурларды геноцид кылган дегендер, батышчылар окшойт. Анткени батыш мамлекеттер бойкот кылып Пекиндеги Олимпиадага барышкан жок. Ошол батышчыларга эскертип коюш керек эле Америкада индеецтерге карата ким геноцид кылганын.

- Президент Кытайдан олжолуу келдиби?

- Кыргыз президентинин бул сапары олжолуу болду, расмий сапар же мамлекеттик сапар болбосо деле. Пандемиядан кийин соода-экономика карым-катнаш жаңыланып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда чоң долбоорлорго жол ачылды деп ойлойм. Бул сапар - чоң иштердин башы.

- Президенттин Кытайдагы сапарынан кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулат деп эле дүрбөп калдык. Ал долбоор ишке ашат, сөздөн ишке өтөбүз деп ишенсек болобу?

- Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин коп протокол, меморандумдарга кол кюшту. Ошонун арасында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору макулдугу алынды. Албетте, бул долбоор ишке ашса, өлкөбүзгө чоң жетишкендик болмок. Кытайдан Европага жол миң километрге кыскармак. Бул жолдун Кыргызстанга пайдасы зор болот буюрса. Көмүр электростанциялар боюнча да сүйлөшүүлөр болду Пекинде. Ушул жылы Кытай менен ири долбоорлорду ишке ашырып баштайбыз деген үмүттөмүн.

Бирок, кайсы ири долбоорду айтпайлы, эң биринчи Кара-Кечеге ТЭС куруш керек. Биринчиден, бизге электр кубаттуулук керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости