www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Сары-Жаздагы сууну Кытайга бекер кетирбей, ГЭС салып, Ысык-Көл өрөөнүн толук электр энергия менен камсыздашыбыз керек», - деди бүгүн, 8-февралда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Кубанычбек Кадыров.
- Кубанычбек агай, президенттин Кытайдан олжолуу келсин дегендин ордуна самолёт жалдады деп сындап, коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет кылгандар болду. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Ковид жана экономикалык абалыбызды эске алганда жүргүнчүлөрдү ташыган самолёт менен барса деле болмок. Бирок бүгүнкү күндө биз аркылуу Кытайга каттам жок болуп жатпайбы. бул бир. Экинчиси, мен жаңылбасам башка мамлекет аркылуу учуп барышса биздин делегация ар биринин билети эле 6-8 миңдичоң сумманы түзүп калмак.
Ошондо делегация баргандардын саны бери жагы эле 10 киши болгондо эле жок дегенде 60-80 миң доллар болуп жатпайбы. Үчүнчүсү, Манас атабыздын урпактары деп дүйнөгө мактангандан кийин ошого жараша барганыбыз туура го.
- Президент Кытайдан олжолуу келдиби?
- Президентти жакшы кабыл алды жана олжолуу келди. Энергетика, билим берүү, Саламаттыкты сактоо маселесиндеги айрым жагдайлар дагы жакшы чечилиптир. Торугарт - Эркеч-Там аркылуу келүүчү жүктөр боюнча дагы маселе оң жагына ооптур. Ошондой эле темир жол тууралуу жакшы сүйлөшүү болуптур.
Бул маселеде менин сунушум бар. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда РФ жана башка чет мамлекеттерден кошуп Консорциум түзүшүбүз керек. Бир эле мамлекетке көп пайызын бербешибиз керек.
Экинчи сунушум электр энергиябызды экспорттойбуз десек, Сары-Жаздагы сууну Кытайга бекер кетирбей, ГЭС салып, Ысык-Көл өрөөнүн толук электр энергия менен камсыздашыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg