www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Батышчылдар же чыгышчылдар деп бөлүнбөй, бир муштум болуп биригип, мамлекеттүүлүктү туу тутушубуз керек», - деди бүгүн, 8-февралда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдразаков.

- Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, активисттер Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишин талап кылышууда. Буга бүгүнкү күндө негиз барбы?

- Маселе улуттук кызыкчылык, улуттук коопсуздук, туруктуулук, мамлекеттүүлүккө келгенде, жеке кызыкчылыкты токтотуп баарыбыз бир муштум болуп турушубуз керек! Ансыз деле кырдаал жакшы эмес, тажиктер эптеп шылтоо таап, кол салып жатышат.

Ал эле эмес, Талибан Сириядан жаныбыздагы Ооганстанга келди, радикалчылар, террористер тымызын иштеп жатат. Ошондой убакытта тигил кызматтан кетсин, бул минтсин дебей баарыбыз саясатчылар, батышчылар, чыгышчылдар болуп бөлүнбөй ынтымакта бир муштум болуп биригип, улуттук коопсуздугубузду сактап, мамлекеттүүлүктү туу тутушубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости