www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«ХХ кылымдын 80-жылдарынан бери карай Олимпиада оюндары саясий кызыкчылыктардын куралына айланып кетти», - деди бүгүн, 8-февралда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, Президенттин Пекиндеги кышкы олимпиадага барганы туура болдубу? Каражат коротпой эле эл учкан самолёт менен учуш керек, элдин баары мусулмандарды геноцит кылган мамлекет деп Кытайдагы олипиаданы көрүүдөн дагы баш тартып жатса, биздин президент барып алды деп сындап жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Олимпиадалык спорт оюндары - бул байыркы доордон бери эле уланып келе жаткан эл аралык форум. Бул трансулуттук феномен согуштарды токтотуп, бейпил турмушта жашап, күчтөрдү спорт жаатында гана сынайлы деген ыйык түшүнүккө баш ийип келген.
Ошондуктан, байыркы Олимпиаданы заманбап абалга чактап, калыбына келтирген Пьер Кубэртен девиз көтөрүп «Оо спорт, сен тынчтыктын жарчысысың» - деген түшүнүктү биринчи орунга алып чыккан.
Тилекке каршы, ХХ кылымдын 80-жылдарынан бери карай Олимпиада оюндары саясий кызыкчылыктардын куралына айланып кетти! Ошондуктан, Олимпиаданын шылтоосу менен саясий лидерлер өздөрүнүн кадамдарын, пландарын кошоктоп иш алып барууну адат кылып алышкан.
Эсиңердеби, 1980-жылдагы Москва жайкы олимпиадасын АКШнын ошол кездеги президенти Джеймс Картер саясий максатта бойкот жарыялап, көптөгөн капиталисттик өлкөлөрдү күч менен эле Москвага жибербей коюшкан.
Андай кадамга жооп кылышып, СССР баш болгон социалисттик лагерь 1984 жылы Лос-Анджелесте өткөн олимпиадага бойкот жарыялашкан. «Муздак согуш» өзүнүн апогейине жеткен. Натыйжада, 1991-жылы кубаттуу СССРди кыйратып тынышты. Ошондой эле аракеттер дагы деле уланып келет.
Орусия күчүнө кире баштады эле Батыштын жетегинен чыга албай келген МОК Сочи кышкы олимпиадасындагы «допинг чатагын» шылтоо кылып орустарды олимпиада оюндарына «байраксыз» катыша турган кылып койду.
Демек, олимпиадалык оюндар алгачкы статусунан кайтып ири державалардын өз кызыкчылыгына пайдалана турган куралга айланып калды. Ошол кырдаал дагы деле курч турат. Эми «мусулмандарды геноцид кылып жатат» деген айлакер амалдар менен башында АКШ турган өлкөлөр Бейжин олимпиадасына «жарым-жартылай» бойкот кылганга үлгүрүштү.
Чыныгы себеби, дагы эле баягы караң калгыр геосаясат! Ошондуктан Владимир Путин баш болгон Борбордук Азиянын лидерлери Бээжин олимпиадасына катышып, Кытайдын тышкы саясатын колдогондой болушту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү абдан интенсивдүү уюштурушту.
Ошолордун катарында биздин президент Садыр Жапаров дагы катышты. Анан кандай болмок эле? Кээ бир кер ооз «саясатчы болумуштар» ушундан дагы кынтык издеп жатышпайбы? Андай нерселерге көңүл бура берсек эч кандай эл аралык алака кылбай эле отура берели? Ушул керекпи? Менимче, акылы ордунда болгон кыргыздар туура эле түшүнүп турушат!
Эске салсак, Кытайда 4-февралда башталган оюндар 20-февралга чейин уланат. Анда спорттун 15 түрү боюнча 109 комплект медаль ойнотулат.
Булак: NazarNews.kg