www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талашка түшкөн ооруканага жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек клиникалык тез жардам ооруканасында (мурдагы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору) директорлук кызмат жоюлду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Тактап айтканда, Саламаттыкты сактоо министрлиги 4-февралда кабыл алган Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун аталышын Клиникалык тез жардам ооруканасы деп алмаштыруу жөнүндө №124 буйругуна өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык, эми оорукананы башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов жетектемей болду. Буга чейин тиешелүү документтер кайра катталганга чейин оорукананын убактылуу башчысы болуп Гулия Кожокматова дайындалган болчу.

«Травматолгия жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун аталышы өзгөртүлүп, клиникалык тез жардам ооруканасы катары иштей турганына байланыштуу директорлук кызмат жоюлду», - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Травматолгия жана ортопедия илимий-изилдөө борборун Сабырбек Жумабеков жетектеп келген. 4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жумабеков кызматтан алынганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости