www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык үч аткаминер 1-ноябрда билдиргендей, Иран жакынкы күндөрү Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн. Расмий Эр-Рияд өз чалгын кызматынын мындай маалыматтарын Вашингтон менен бөлүшкөн.
"Биз бул кырдаалга тынчсызданып турабыз жана саудиялыктар менен аскердик жана чалгын каналдары аркылуу ар дайым байланыштабыз. Биз ойлонбостон аймактагы өз кызыкчылыктарыбызды жана өнөктөштөрүбүздү коргоо аракетин көрөбүз", - деп жазылат Улуттук коопсуздук кеңеши тараткан билдирүүдө.
Сауд Арабия бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Ирандын БУУдагы миссиясы да айтылган маалыматтар боюнча үн каткан жок.
Америкалык бийликтин расмий өкүлдөрүнүн бири бул маалыматты ырастап, "жакынкы убакытта же 48 сааттын ичинде болушу мүмкүн", - деп билдирди. Аймактагы АКШнын бир да элчилиги же консулдугу өз жарандарына эскертүү тарата элек. Маалыматты бөлүшкөн АКШнын бийлик өкүлдөрү ысымдарын ачыктагысы келген жок.
Соңку кездери Байдендин администрациясы Тегеранды митингдерди күч менен басып, Орусияга жанкечти дрондорду бергени үчүн кескин сындап келет.
Булак: NazarNews.kg