www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Ислам Республикасынын жетекчилиги коопсуздук себептеринен улам ооруканаларда жашынып жатканы болжолдонууда.
Чет элдик маалымат каражаттары жазып жатышкандай, жаңы Жогорку лидер шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучу кеңештин жыйыны Тегерандагы «Арман» ооруканасында өткөн.
Маалыматка ылайык, жыйынга өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан, Конституцияны коргоо кеңешинин өкүлү Али Реза Арафи жана сот бийлигинин башчысы катышкан.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиздигин шылтоолоп, АКШ менен Израилдин Иранга каршы ири аскердик операциясынын башталышын жарыялаган. Израилдин чабуулу учурунда Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи өлтүрүлгөн. Иран ракеталар жана дрондорду колдонуп, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына чабуул менен жооп берген.