www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын бир катар провинцияларында нөшөрлөгөн жаандан улам болгон сел жана жер көчкүдөн 56 адам каза болду. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги кабарлады.
Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Мехди Велипур мамлекеттик телеканалдан 28 адам дайынсыз жоголгондугун билдирди.
Анын айтымында, эң көп кыйроолор жана жабыркагандар Тегеран провинциясында катталып, Давут жана Зарриндашт Фирузкух райондорунда 32 адам каза болгон. Ирандын башка провинцияларында дагы 24 киши набыт болду.
Велипурдун айтымында, өлкөнүн 3,5 миң тургунуна жардам көрсөтүлүп, табигый кырсык аймактарында 1,5 миң адам куткарылган.
Ал арада метеорологдор Ислам Республикасында жаан-чачындуу аба ырайы 1-август, дүйшөмбүгө чейин созулаарын жарыялашты.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg