www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын жана башка келечектүү өнөктөш мамлекеттердин аймагына Евразиялык экономикалык биримдиктин соода үйлөрүн ачуу демилгесин алып чыгуу зарыл. Бул туурасында ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев "Россия-2030 жана экономикалык жаңы тартип: маанилүү факторлор жана бизнестин ролу" деп аталган эл аралык форумда айткан.

Министр былтыркы жылдын соңунда Иран менен анын рыногунда эркин соода жүргүзүү боюнча эксклюзивдүү шартта толук форматтагы келишим түзүлгөнүн эске салды.

"Убактылуу макулдашуу мезгилинен кийин сооданы эки эсе арбыттык. Туруктуу келишим күчүнө киргенден соң бул көлөмдү кыска учурда дагы кайталайбыз. Болжол менен үч жылда 12 миллиард долларга чыгып, Иран менен болгон соода алакабызды азыркы алты миллиардга салыштырмалуу 18-20 миллиард долларга жеткирсек деп турабыз", — деп Слепневдин айтканын ЕЭКтин маалымат кызматы таратты.

Ал соода дароо өргө кетиши үчүн бир эле макулдашуу аздык кыларын белгиледи.

"Бул демилгени (соода үйлөрүн ачууну – ред.) биргелешип ойлонуу керек. Биз стандарттуу эмес, өзгөчө рынокко чыгып жатабыз", — деп кошумчалаган ЕЭКтин соода министри.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости