www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда эми интернетке жогорку даражалуу чиновниктер гана кире алат, карапайым элге андай мүмкүнчүлүк берилбейт

Иран бийлиги өлкөнү глобалдык интернеттен биротоло ажыратууга багыт алган стратегияны ишке ашырууну көздөп жатат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы Filterwatch уюмунун баяндамасына таянып билдирди. Планга ылайык, интернетке жетүү мамлекеттик артыкчылыкка айланып, ага бийлик тарабынан жактырылган жана атайын текшерүүдөн өткөн адамдар гана кире алат.

Баяндамадан белгилүү болгондой, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, жогорку даражалуу чиновниктер жана “ишенимдүү” деп табылган жарандар гана катуу көзөмөлдөгү, чектелген интернетке кошулат. Калган калк үчүн тышкы дүйнө менен байланышы жок, ички улуттук тармак гана калтырылат. Бул система “ак тизмелер” (white list) аркылуу иштейт.

Filterwatch уюмунун жетекчиси Амир Рашидинин айтымында, Иран бийлиги эркин интернет 2026-жылдан кийин кайтып келбеши мүмкүн экенин ачык сигналдар менен көрсөтө баштады. Учурда бул өзгөрүүлөр коомчулуктан жашыруун түрдө даярдалып жатканы айтылууда. Эксперттер интернетти толук өчүрүү жана көзөмөлдөө иштеринде Иранга Россия техникалык жардам көрсөткөнүн да белгилешет.

Интернет 8-январда, режимге каршы масштабдуу нааразылык акцияларынан кийин толугу менен өчүрүлгөн. Ошол эле учурда өлкөдө коопсуздук чаралары кескин күчөтүлүп, нааразылыкка чыккан жарандарга карата репрессиялар башталган.

Белгилей, кетсек Иран бийлиги массалык башаламандыктар учурунда кеминде 5 миң адам каза болгонун, алардын ичинде 500 коопсуздук кызматкери бар экенин расмий түрдө билдирди. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, расмий Тегеран курмандыктар үчүн “террористтерди жана куралчан козголоңчуларды” күнөөлөп, өлүм көрсөткүчү мындан ары олуттуу өспөйт деп ишендирүүдө.

Бирок көз карандысыз булактар башкача сандарды келтирүүдө. АКШда жайгашкан HRANA укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, азырынча 3308 адамдын өлүмү тастыкталган, дагы 4382 учур текшерилүүдө, ал эми 24 миңден ашык адам камакка алынган.

Последние новости