www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда улуттук валютанын, башкача айтканда риалдын куну кескин төмөндөп, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу борбор калаа Тегеранда тутанган нааразычылык акциясы бүтүндөй өлкөгө жайылды. 
Натыйжада, Ирандын бир нече шаарында эл көчөгө чыгып, базарлар менен дүкөндөр жабылып, университеттерде студенттер митингге чыгышты. 

Азыр бейрасмий валюта базарында 1 АКШ доллары 1,4 миллион риалга чейин жетти. Бул былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе жогору. 

Кайра жанданып жаткан нааразылык акцияларына чыккандар экономикалык талаптарды гана эмес, "диктаторго өлүм" деген ураандарды да чакырышты. Бул ураан 2022-жылы өлкөнү каптаган "Аял, жашоо, эркиндик" деген жалпы улуттук нааразылык акциялары маалында да кеңири айтылган.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ички иштер министрлигине нааразылыкка чыккан жарандардын талабын угуу үчүн алардын өкүлдөрү менен диалог уюштурууну тапшырганы кабарланды.

Последние новости