www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы өтүп бара жаткан 2025-жылы дүйнөдө кандай олуттуу жаңылыктар болду? Эмне өзгөрдү, кандай жаңылануу орун алды? Бул жыл – саясатта, экологияда, коопсуздукта, маданиятта жана илим-маалымат тармагында кандай өзгөчө окуялары менен эсте калды? Мына ушул багытта аналитикалык кыскача обзор түрүндө негизги маанилүү глобалдык тенденциялар менен окуялар топтолгон маалыматтарды сунуштайбыз. 

АКШнын жаңы соода тарифтери дүйнөлүк соодага таасир этти. Көп мамлекеттер экономикалык саясаттарын өзгөртүүгө мажбур болду. 

Иран жана Израиль ортосундагы 12 күндүк согуш, аймактык коопсуздук үчүн чоң мааниге ээ болду. 
Израиль–Палестина маселеси аймактык гана эмес, глобалдык дипломатиянын негизги темасына айланды.

Украина–Россиянын ортсундагы согуш 2025-жылы дагы көптөгөн жоготуулар менен коштолду. НАТО менен башка эл аралык уюмдар стратегиясын өзгөрттү. Украинанын айланасындагы кырдаал Европанын коргонуу саясатын күчөтүүгө мажбурлады.

Непалда социалдык тармактарга киргизилген чектөөгө нааразы болгондор башаламандык уюштуруп, натыйжада бийлик алмашты. 

Кытай экономиканы кайра жандандырууга аракет кылып, ички рынокко жана технологияга басым жасады. Ошол эле учурда Батыш менен геосаясий атаандаштык күчөдү.

Түштүк-Чыгыш Азияда, атап айтканда Мьянма сыяктуу айрым аралдык мамлекеттерде саясий туруксуздук, аскерий башкаруу жана гуманитардык көйгөйлөр уланып, аймактык коопсуздукка коркунуч жаратты.

Индия глобалдык сахнада таасирин күчөтүп, “Глобалдык Түштүктүн” үнү катары чыгууга умтулду.
Суданда граждандык согуш оту өлкөнү жалынга чырмады. Миңдеген адамдар өлүмгө душар болду.
Конго Демократиялык Республикасында согуштук аракеттер күч алды. M23 козголоңчу тобу Гома шаарын басып алды, бул жагдай региондо гуманитардык кризисти тереңдетти. 

2025-жыл тарыхтагы эң жылуу жылдардан болду. Глобалдык температуралар Париж макулдашуусунун 1,5 °C чегинен ашкан үч жылдык орточо көрсөткүчкө жетти. 

Илмий инновациялар, атап айтканда универсалдуу ракка каршы вакцина боюнча изилдөөлөр, 2025-жылы илимдин борбордук темасына айланды.

Арийне, Россия–Украина жаңжалынын узакка созулушу, Кытайдын экономикалык таасиринин күчөшү, Батыштын аймакка болгон кызыгуусу Борбор Азия өлкөлөрүн көп векторлуу саясатты сактоого мажбур кылды.

Кыргызстан үчүн бул жыл ички туруктуулук менен социалдык-экономикалык маселелердин ортосундагы тең салмакты издөөнүн жылы болду. Өкмөт мамлекеттик башкарууну бекемдөөгө, экономиканы инфраструктура жана энергетика аркылуу өнүктүрүүгө аракет кылды. Ошол эле учурда жаштардын жумушсуздугу, миграция, сөз эркиндиги, жарандык коомдун ролу сыяктуу маселелер коомдук талкуунун борборунда болду. Айрыкча, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин айланасындагы дискуссиялар өлкөдө саясий модернизациянын багыты тууралуу суроолорду жаратты. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратып, жаңы парламенттин депутаттары шайланып келди.

Региондук деңгээлде суу ресурстары, чек ара коопсуздугу жана климаттык коркунучтар Борбор Азия үчүн эң курч маселе бойдон калды. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөрдүн азайышын тездетип, айыл чарбага жана энергетикага түз коркунуч жаратты. Бул шартта өлкөлөрдүн атаандаштыгынан көрө, кызматташтыкка өтүүсү стратегиялык зарылчылык экени айкын көрүндү.

Жалпысынан алганда 2025-жылы – дүйнө тарыхында олуттуу саясий жана коопсуздук кризистерине, климаттык экстремалдарга, экономикалык жана технологиялык трансформацияларга бай жыл болуп калды. Саясий өзгөрүүлөр, соода саясатынын өзгөрүшү, климат кризиси жана илим-технологиянын жаңы баскычтары дүйнө коомчулугунун көңүңл борборунан орун алды.

Последние новости