www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык басылмага маалымат берген адамдар Ирандын атайын кызматы "Моссад" жалдаган агенттерди чыгарып жибербей кармап калуу аракеттерин көрүп жатканын айткан.

 ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүн иликтөөнүн алкагында Иранда коопсуздук тармагындагы ондогон кызматкер кармалганын New York Times басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.

Буга чейин Telegraph басылмасы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү) атын атабаган кызматкерлерине шилтеме берип, Палестина кыймылынын ХАМАС саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүрүү үчүн ирандык КСИРдин агенттери Израилдин "Моссад" аттуу чалгындоо кызматынын тапшырмасы боюнча жардыруучу зат койгонун билдирген. Басылманын жазганына караганда, Ирандын атайын кызматтары үчүн бул окуя "коопсуздукка чоң жарака жана көлөкө түшүрдү".

"Иранда жыйырмадан ашык адам, анын ичинде жогорку даражадагы чалгындоо офицерлери, аскер чиновниктери жана Тегерандагы аскердик конок үйүнүн (ХАМАСтын саясий бюронун башчысы ХАМАС каза болгон жер) штаттык кызматкерлери кармалды", — деп айтылат New York Times басылмасынын маалыматында.

Чабуулдан кийин дароо Ирандын коопсуздук агенттери Тегерандагы конок үйүнүн бардык кызматкерлерин курчоого алып, алардын электрондук шаймандарын, уюлдук телефондорун тартып алышканы айтылат. Агенттер ошондой эле Тегерандын коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу болгон чалгындоо жана аскер кызматкерлерин суракка алышкан.

New York Times басылмасына маалымат берген адамдар Ирандын атайын кызматы "Моссад" жалдаган агенттерди чыгарып жибербей кармап калуу аракеттерин көрүп жатканын айткан.

Эске салсак, 2024-жылдын 31-июлуна караган түнү Палестинадагы ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеран шаарында жок кылышкан. Бул мамлекетке ал Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн келген эле. Тегеран бийлиги анын өмүрүн кыюу Ханиянын Ирандагы резиденциясында жасалгандыгын, аны менен кошо бир жан сакчысы каза тапканын билдирген. ХАМАС анын өлүмүнө Израиль менен АКШ жоопкер экенин айтып, бул кадам жоопсуз калбай тургандыгын эскертишкен.

Бириккен Улуттар Уюмундагы Ирандын миссиясы да Тегеран Ханиянын өлүмү үчүн атайын операция менен жооп берерин билдирген. Иран ТИМи чабуулдун жоопкерчилигин Израилге артып, бул кадамга АКШнын катыштыгы бардыгын айткан. Хаменеи Израиль Иранга конок катары келген Ханияны жок кылып, "катаал жазага өздөрү кириптер болуп алышканын" белгилеген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости