www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда тыңчылыкка шектелип 30 адам кармалды

Иранда чет мамлекеттерге жашыруун маалыматтарды берип турган деген шек менен 30 адам кармалды.

Бул тууралуу маалыматты Иран Ислам Республикасынын Чалгындоо министрлиги таратты.

Маалыматка ылайык, кармалгандар жашыруун маалыматтарды Израиль жана АКШга өткөрүп берип турган болушу мүмкүн. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда ар кандай байланыш каражаттары, анын ичинде “Starlink” спутниктик интернет түзмөктөрү, ошондой эле ок атуучу жана кесип-сая турган курч куралдар табылып, алынган.

Бул факты боюнча тергөө иштери улантылууда.

Последние новости