www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранда 18 жашка чыга элек хиджабсыз кыздар кармалбайт. Бул тууралуу Ирандын Межлисинин спикери Мохаммад Багер Галибаф билдирди, деп маалымдайт ТАСС.
Иран парламентинин спикери: "Хиджаб боюнча мыйзам долбооруна ылайык, 18 жашка чыга элек кыздар полиция бөлүмүнө жеткирилбейт", - деди.
Учурда Иранда жоолук салынуу нормаларын сактабаган аялдар айыпка жыгылып, 10 күндөн 2 айга чейин эркинен ажыратылат. Хиджабдан баш тартууга үгүттөгөндөр бир жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Ушул жылдын апрель айында Иран хижаб кийбеген аялдарды аныктоо үчүн камераларды орното баштаган.
Булак: NazarNews.kg